Жаңылыктар
22.04.2025 19:05
Кароолор: 317
ТАЛАС: КУТКАРУУЧУЛАРДЫН, КҮЧ-КАРАЖАТТАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТКӨРҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы жаан-чачынга жана жаратылыш кырсыктарына байланыштуу мүмкүн болгон сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, чара көрүү максатында өздүк курамдын, күч-каражаттарынын жана куткаруу шаймандарынын даярдыгы текшерүүдөн өткөрүлдү.
Куткаруучуларга тиешелүү жабдуулар: күрөк, мотопомпа, өтүк, өздүк коргонуу кийимдери жана башка шаймандар толук даяр абалга келтирилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР