Жаңылыктар

18.05.2025 18:39

   Кароолор: 161

ТАЛАС: КУТКАРУУЧУЛАР ЖАРАНДАРДЫ СУУ ОБЪЕКТИЛЕРИНДЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛУУГА ЧАКЫРАТ

"Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде Бакай-Ата районунун аймагында жайгашкан орто мектептерде өспүрүмдөрдүн суудагы коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү биргелешкен үгүт-насаат иштерине мектеп мугалимдери, окуучулар жана ата-энелер тартылып, атайын лекциялар өткөрүлүп жатат.

Анда жайкы эс алуу мезгилинде балдарды кароосуз калтырбоо, көлмөлөрдө, бассейн же башка суу объектилеринде эс алууда коопсуздук эрежелерине көңүл буруу зарылдыгы эскертилип, өспүрүмдөрдү сууга терең барбоого чакырышты.

Белгилей кетсек, акыркы убактарда өспүрүм балдардын сууга чөгүү фактылары көп катталууда. Андыктан ӨКМ куткаруучулары ар бир жаран мындай кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоого жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу