Жаңылыктар
20.11.2023 11:43
Кароолор: 527
ТАЛАС: КУТКАРУУЧУЛАР АДАМ ӨМҮРҮН САКТАП КАЛЫШТЫ
Кечээ,19-ноябрда Талас районунун Жон-Арык айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жеринен Б.Ж аттуу 35 жаштагы жаранды курулуш плитасы (бетон) эки бутун жоон сан этинен басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас шаардык ӨК бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, окуя болгон жерге ыкчам түрдө жардам көрсөтүлүп, жабыркаган жаранды (Тез жардам) кызматына өткөрүп берилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР