Жаңылыктар
09.06.2025 10:15
Кароолор: 295
ТАЛАС: КУРМАН АЙТКА КАРАТА КАЙРЫМДУУЛУК ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы Курман айт майрамына карата кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү.
Бул иш-чаранын алкагында облус аймагындагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана башка керектүү көмөктөр жеткирилди. Максат — майрам күндөрү ар бир жарандын көңүлүн көтөрүү, коомдогу тилектештик менен боорукерликти чыңдоо болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү бул сыяктуу кайрымдуулук иштерин уланта берерин, калк менен тыгыз байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабай турганын белгилешти.
Быйыл облус боюнча 10 үй-бүлөгө азык түлүк таратыл берилди. Белгилей кетсек, мындай кайрымдуулук иштер жыл сайын уланып келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР