Жаңылыктар

21.07.2024 12:48

   Кароолор: 259

ТАЛАС: КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ!

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас шаары жана райондук ӨК бөлүмдөрүнүн өздүк курамы коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишүүдө.

Жайды коопсуз өткөрүп, мектеп босогосун кайрадан аттоо ата-энелердин жоопкерчилиги. Андыктан көлмөлөрдүн, агын суулардын жээктеринде эс алууда балдарды көзөмөлдөө зарыл. Таластык куткаруучулар балдарга, ата-энелерге жолугуп, эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертишүүдө.

Мындан сырткары токойлордо, жаратылышта өрт кырсыгынын алдын алуу үчүн эс алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу