Жаңылыктар

11.01.2024 13:12

   Кароолор: 1230

ТАЛАС: КАТУУ ШАМАЛ КАТТАЛЫП, УНААНЫ БАСЫП КАЛГАН

Кечээ, 10-январда кечки саат 19:01де Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырын шамал учурду.

Табигый кубулуштун кесепетинен чатырдын калдыгы короодогу унааны басып калгандыгы тууралуу шаардык ӨК бөлүмүнө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Талас шаардык ӨК бөлүмүнүн 3 куткаруучусу ыкчам түрдө жардам көрсөтүп, шамал учуруп кеткен чатырдын калдыктарын тазалашты.

Ал эми кооптуулук жараткан чатырларды оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын Талас шаарындагы Метеостанциясынын аныктамасы боюнча шамалдын күчү, ылдамдыгы 18 метр секундга жеткен.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.

ӨКМ эскертет!

Катуу шамал учурунда:

- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;

- Көз айнек кийиниз

☎️Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу