Жаңылыктар
22.04.2024 18:21
Кароолор: 72
ТАЛАС ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Бүгүн, 22-апрель күнү Талас облусунун Чон-Алыш айыл аймагына караштуу Карасуу айылында туруксуз аба ырайына байланыштуу Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, коркунуч жараткан.
Жеринде селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында Чоң-Алыш айыл аймагынын атайын техникасы менен Талас дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР