Жаңылыктар
02.09.2024 16:55
Кароолор: 375
ТАЛАС ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Биримдик айыл аймагынын Кең-Арал айылынын батыш тарабындагы Талас дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, нугу сол жээгине бурулуп, мурда курулган 80 м аралыктагы дамбанын 50 метр аралыгындагы таштарын суу жууп кеткен. Мындан улам Кең-Арал айылындагы 47 турак жайды суу каптоо коркунучу жаралган.
Учурда Бакай-Ата райондук Суу чарба башкармалыгынан 1 атайын техника, Биримдик айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 КАМАЗ жана айыл өкмөтүнөн 3 кызматкер, Токой чарбасынан 1 кызматкер, райондук ӨКБдан 1 кызматкер тартылып, Талас дарыясынын суу алып кеткен 50 метр аралыктагы жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, сел каптоо коркунучтары жоюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР