Жаңылыктар
20.05.2024 18:34
Кароолор: 497
ТАЛАС ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ, АЛДЫН АЛУУ ЖУМУШТАРЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ
Бүгүн, 20-майда ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Талас облусуна иш сапары менен келди.
Алгач ӨКМдин Талас башкармалыгынын өкүлдөрү менен апрель айындагы жаанчыл күндөрү селден бузулган каналдарды жеринде көрүп, калыбына келтирүү, тереңдетүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Манас районундагы Үч-Коргон айылындагы Талас дарыясынын жээгин бекемдөө, жээктердин эрозиясынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иши менен таанышты.
Аталган дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуулук жараткандыктан, Көк-Ой, Кең-Арал айылдарына тиешелүү тилкелерин жеринде көрүп, алдын алуу иштерин тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР