Жаңылыктар
08.06.2025 00:53
Кароолор: 257
ТАЛАС ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
Талас облусунун Манас районунда Талас дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылга карата авариялык калыбына келтирүү иш-чаралар планынын алкагында, Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагынан өткөн Талас дарыясынын сол жээгинде дамба куруу иштери жүрүп жатат.
Аталган иштер дарыя жээгин коргоо жана сел, суу ташкындарынан келип чыгуучу коркунучтардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп, 220 метр аралыкты камтыган дамба куруу менен жээкти бекемдөө иш-чаралары каралган.
Буга кошумча аталган райондо Чеч-Дөбө айылындагы кайырма сел өткөрүүчү каналынын 1080 метр аралыгын механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР