Жаңылыктар
12.05.2024 13:53
Кароолор: 313
ТАЛАС ДАРЫЯСЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ
Кечээ, 11-майда кечки болжол менен саат 20:00да Талас дарыясындагы "Уч-Кошой" гидропостунун маалыматы боюнча суунун агымы 109,6 метр куб/ секунд экендиги аныкталган.
Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, облустун Жарандык коргонуу кызматынын бардык куч--каражаттары күжүрмөн дайындыкка келтирилген.
Өкүлчүлүктүн биринчи орун басары, КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, башкармалыктын опергруппасы Талас дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелерди кыдырууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР