Жаңылыктар
25.02.2025 15:18
Кароолор: 907
ТАЛАС: БАКАЙ-АТАДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ БОЛУП ӨТТҮ
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Бакай-Ата району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Кызыл-Сай айылында Партнер Нефть май куюучу станциясында өрт-тактикалык машыгуу болуп өттү.
Ага Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №93 ӨККБнүн өздүк курамы жана май куюучу станциянын кызматкерлери тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө аларга өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама өтүлүп, кырсык катталганда өрт өчүрүүчүлөрдү чакыруу, алгачкы өрт шаймандары менен иштөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, иш-чара ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын 2025-жылга коюлган өрт-тактикалык машыгуу жана сабактарды өткөрүү мерчемдерине ылайык өткөрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕЕС-БОРБОР