Жаңылыктар

05.11.2024 16:17

   Кароолор: 403

ТАЛАС АВТОБЕКЕТТЕРИНДЕ АЙДООЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮШТҮ

Бүгүн Талас облусунун куткаруучулары адам өмүрүн сактоо максатында 1 шаардын, 4 райондун борборлорундагы автобекеттерин кыдырышты. Алар Бишкек шаарына жол тартчу айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алыска жол жүрүү даярдыгы текшерилди.

Алыскы жолго чыгарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүлөрүнө маани берип, кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууну эскертишти.

Аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу өлкө аймагында тоолуу райондордо каар жаап, тайгак болорун эскертип, дөңгөлөк чынжырчасын жана күрөкчө ала жүрүүнү жана унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоону сунушташты.

Мындан сырткары Талас районунун Кара-Ой айылындагы трассадагы ЛЭД экранда аба ырайынын кескин өзгөрүүсү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тууралуу видеороликтер жүгүртүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу