Жаңылыктар
14.06.2024 12:15
Кароолор: 138
ТАЛАС: АЙТМАТОВДО ӨРТКӨ КАРШЫ КУТКАРУУ БӨЛҮГҮНҮН ЗАМАНБАП ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
Бүгүн Аманбаев айылында эки кабаттуу өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.Шамырканов, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Дарданов, Айтматов районунун башчысы-аким Б.Сагымбаев жана мекеме-уюмдардын жетекчилери, ӨКМ ардагерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чаранын ачылышында полковник У.М.Шамырканов сөз сүйлөп, министрликтин төш белгилери, "Ардак" грамотасы менен тийиштүү тараптарды сыйлады.
Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулушу 2022-жылы Талас облусунун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен 6 631 484 сомго башталып, эки кабаттуу куткаруу бөлүгү салынган.
Аталган куткаруу бөлүгү Айтматов районундагы Аманбаев, Кара-Сай, Ак-Башат, Ак-Жар, Шекер, Көк-Сай, Кайнар, Арчагул, Суулу-Маймак, Куру-Маймак, Маймак жана Жоон-Дөбө айылдарына кызмат көрсөтөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР