Жаңылыктар

21.05.2025 15:12

   Кароолор: 209

ТАЛАС АЭРОПОРТУНУН ЖАНА МАНАС ОРДОНУН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери министрликтин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй, Талас облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору менен бирге “Манас” эл аралык аэропортунун Талас филиалын жана Манас Ордо улуттук комплексин кыдырып, жарандарга өрткө каршы коопсуздук эрежелери туурасында алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү.

Алгач текшерүү иши Манас Ордо комплексинен башталып, анда өрткө каршы тиешелүү шаймандар толук болбогондугуна байланыштуу эскертме кагаздар берилип, акт түзүлдү. Ушундай эле текшерүү Талас аэропортунда улантылып, имаратта алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын жетиштүүлүгү жана башка талаптар толук камсыздалганы аныкталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу