Жаңылыктар

25.08.2023 10:31

   Кароолор: 217

Талас: "Чоң-Капка" өткөрмөсүндө айдоочуларга колдоо көрсөтүлдү

25-августта Талас облусунун Манас районунундагы казак- кыргыз чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка" өткөрмөсүндө болжол менен 80ге жакын оор жүк ташуучу, 50-60 жеңил автоунаа кезекте турушат.

Мындан улам ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын Манас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 5 чатыр тигишти.

Тигилген чатырларда айдоочулар үчүн шарт түзүлүп, электр энергиясы тартылып, райондогу салык кызматы ысык тамак менен камсыздашты.

ӨКБнүн 4 кызматкери, 3 медицина кызматкери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын өкүлдөрү нөөмөттө турушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу