Жаңылыктар

31.12.2024 11:27

   Кароолор: 475

ТАЛАС: 100 ЖЫЛДЫККА КАРАТА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесин уюштурууга кошкон жигердүү салымы үчүн ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Уларбек Тамабаев КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн төш белгиси жана ыраазычылык каты менен сыйланды.

Ушундай эле сыйлыктар мамлекеттик деңгээлдеги бул маанилүү иш-чараны уюштурууда чоң салым кошкону жана өрт коопсуздугун камсыз кылгандыгы үчүн ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын Талас жана Бакай-Ата райондук токой чарбасынын башчыларына тапшырылды.

Сыйлоо аземинде тарыхый окуяларга байланышкан маданий, саясий иш-чараларды уюштуруунун мааниси белгиленип, ал үчүн кызмат кылган мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде куткаруучулардын, өздүк курамдын дарегине жылуу каалоо тилектер айтылды. Сыйлык тапшыруу жөрөлгөсүн уюштуруу, биргелешип иш алып баруу менен мекемелер ортосундагы биримдикти жана ынтымакты чыңдоого чоң өбөлгө болору белгиленди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу