Жаңылыктар
01.07.2025 09:47
Кароолор: 47
ТАКЫР-ТӨР КӨЛҮНҮН СУУСУНУН КӨЛӨМҮ КӨБӨЙҮП, ЖАЛПЫ 782 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ
Саат 09:00го карата КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Ысык-Ата райондук эвакуация комиссиясы менен Алмалуу айлынан 500, Кебек-Бий (Горная-Серафимовка) айылынан 240, Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнөн 42 адамды коопсуз жайга эвакуациялашты.
Нижняя-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндөгү жарандар тез жардам менен эвакуация жүргүзүлдү. Эвакуация иштерине КР ӨКМден 21 кызматкер, 4 АКУ, КР ИИМнен 80 кызматкер, 15 ыкчам унаасы, 8 тез жардам унаасы, 7 кичи автобус жана жеке менчик жеңил унаалар тартылган.
Маалым болгондой, 1-илюлда түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн агып чыккан суунун көлөмү көбөйүп, Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптап, жол жабылган.
Азыркы учурда абал турукташкандыгына байланыштуу кайрадан эвакуация болгон жарандар өз үйлөрүнө кайтышууда.
Такыр-Төр көлүнүн абалы өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР