Жаңылыктар
29.06.2025 11:27
Кароолор: 289
ТАКЫР-ТӨР КӨЛҮНҮН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 76 АДАМ,12 ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн “Такыр-Төр” көлүнөн агып жаткан суунун көлөмү 2-3 м3/с түзүүдө. Ал эми тоо көлүнүн абалын байкоого ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ӨКга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинен 1 кызматкер, Улуттук илимдер академиясынан 1 кызматкер жеринде аэровизуалдык байкоо жүргүзүүдө.
Ал эми, унаа жолду, көпүрөнү жана сел өтүүчү каналды калыбына келтирүү иштерине ӨКМден 17 кызматкер, 3 техника жана жол тейлөө ишканаларына 5 техника жеке менчик 2 экскаватор, ИИМден 40, жергиликтүү бийликтен 19 кызматкер, жалпы 76 адам, 12 техника тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР