Жаңылыктар
01.07.2025 07:40
Кароолор: 78
ТАКЫР-ТӨР КӨЛҮ БОЮНЧА СААТ 7:30га КАРАТА МААЛЫМАТ
1-илюда түнкү саат 03:00 чамаларында Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүнөн чыккан суунун көлүмү көбөйгөн. Учурда сунунун агымы 4-8 куб метр.
Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптап, унаа жол жабылган.
КР ӨКМдин Ысык-Ата району боюнча ӨК бөлүмү тарабынан Алмалуу, Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын тургундары Нижняя-Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгү жарандар коопсуз жайга эвакуацияланып, КР ИИМ тарабынан Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарында посттор коюлду.
Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жана Токмок шаардык мэриясынын имараттарында орнотулган калкты үн менен кабарлоо системасы (ГОН) аркылуу маалымат берилип, телеканалдардын эфиринен тартып алуу жолу менен (теле перехват) калкка маалымат жетикрилди.
Жеринде КР ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Такыр-Төр көлүнүн абалына байкоо жана көзөмөл жүргүзүп атат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР