Жаңылыктар
27.06.2025 22:00
Кароолор: 284
ТАКЫР-ТӨР КӨЛҮ БОЮНЧА СААТ 21.00ГО КАРАТА МААЛЫМАТ
2025-жылдын 27-июнунда болжол менен саат 17:31 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлдүн дамбасы жырылып, суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдардын ортосундагы 1 даана көпүрөнү алып кеткен, Азыркы учурда эки тартаптуу жол жабык. Жеринде жолду ачуу боюнча тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссия менен биргеликте жалпы 950 адамды эвакуациялап, убактылуу жайгаштыруучу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үйү) жайгаштырылды.
Эвакуация иштерине Кант шаарынын мэриясынан 11 даана кичи автобус, райондук транспорт кызматынан 8 кичи автобус унаалары тартылды. Азыркы учурда суунун көлөмү турукташып, турак үйлөр жана башка инфраструктура объектилери жабыркаган жок.
Бирок, ошого карабастан көзөмөл генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө күчөтүлгөн боюнча сакталууда.
Маалымат кошумча берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР