Жаңылыктар

27.09.2023 16:55

   Кароолор: 383

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга багытталган командалык штабдык машыгуу өттү

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Чүй облусунда кезектеги командалык штабдык машыгуу өттү. Айттырбай келген табигый кырсыктын кесепеттерине чалгындоо жүргүзүү менен баалоо, аны жоюуда ыкчам жана сапаттуу ишти уюштурууга багытталган машыгуу атайы сценарийдин негизинде башталды. Анда Чүй облусунун аймагында жер титиреп, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда төмөнкүдөй негизги түрлөрүн камтыды: биологиялык, инженердик, медициналык, радиациялык, санитардык-эпидемиологиялык, химиялык, өрттүк.

Машыгууда эң алды менен кырсык болгон жерге чалгындоо жүргүзүлүп, өзгөчө кырдаал катталган аймакты жана түрүн аныктоо жүрдү. Жабыр тарткандардын жайгашкан жерлерин жана акыбалын аныктоо, радиактивдик, химиялык, биологиялык булгануулардын даражаларын белгилөө; Өзгөчө кырдаал катталган аймактагы курулуш объекттеринин, инженердик коммуникациялардын, байланыш түйүндөрүнүн, суу камсыздоо булактарынын абалын баалоо; Өрт очокторунун ордуларын аныктоо; Куткаруу иштерин аткарууга жетип баруу жана калкты жабыр тарткандарды эвакуациялоо жолдорун аныктоо.

Командалык штабдык машыгуу парктикалык негизде жалпы 11 бөлүктөн туруп, алар: нефтебазадагы өрттү өчүрүүнү уюштуруу; Кыйраган имараттардын урандыларынын астынан жабыркагандарды чыгарып, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүү; авто кырсык болгон жерден куткаруу; аммияк агындысын чалгындоо, локализациялоо жана зыянсыздандыруу; тоодогу өрттү өчүрүү; авариялык оңдоо тобу электр камсыздандырууну калыбына келтирүү; өрт өчүрүү; убактылуу жайгаштыруу пунктун уюштуруу боюнча даярдыкты сынап көрүштү.

Машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде өтүп, кырсыктын кесепеттерин жоюуда министрликтен тышкары түздөн-түз тиешелүү болгон Чүй облусундагы жарандык коргонуу кызматтары катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу