Жаңылыктар
19.09.2024 16:46
Кароолор: 259
ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА БАГЫТТАЛГАН КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаарынын 2024-жылга карата бекитилген Жарандык коргонуунун планына ылайык, айттырбай келген табигый кырсыктын кесепеттерине чалгындоо жүргүзүү менен баалоо, аны жоюуда ыкчам жана сапаттуу ишти уюштурууга багытталган машыгуу атайы сценарийдин негизинде башталды.
Командалык-штабдык машыгуунун парктикасы 2 даректе жүргүзүлдү.
Алгач И.Абдраимов атындагы Кыргыз Авиациялык институтунун 3-кабатынан өрт чыгып, имаратта 3 жаран чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары алгач өрт чыккан имараттан 1 жаранды куткаруу шаймандардын жардамында, ал эми 2 жаранды атайын үйлөмө батут менен куткарып, өрт өчүрүүчү автоунаа менен тилсиз жоону өчүрүү практикасын көрсөтүштү. Аталган аймактан эвакуациаланган жарандарды шаардык Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте коопсуз жайга көчүрүүгө атайын шаарча түзүлүп, жабыркагандарга керектүү жардамдар көрсөтүлдү.
Машыгуунун экинчи дарегинде борбор калаадагы “Кока-Кола” компаниясында өттү. Анда уулу зат төгүлгөндүгү маалымдалып, куткаруучулар ишканадан 30дан ашык кызматкерди эвакуациялашты.
Аталган иш-чарага ӨКМден 5 техника, 50 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары ЖК кызматтарынан 95 кызматкер, 9 атайын техника, Кызыл Жарым Ай коомунан бир бригада 2 унаасы менен катышты.
Өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймакты коргоодогу ыкчам иш-аракеттер, кырсыктын кесепеттерин жоюуга багытталган командалык-штабдык машыгуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР