Жаңылыктар
15.10.2026 15:36
Кароолор: 31
ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУДА ШВЕЙЦАРИЯНЫН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КИРГИЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри, полковник Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Миссерлини менен Ысык-Көл районунун Темир айылына барып, "Арчалуу" сел өтүүчү каналынын курулушунан кабар алышты.
ӨК министри Канатбек Чыныбаев Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы тыгыз кызматташтык өзгөчө динамикага ээ экенин баса белгилеп, анын ичинде табигый кырсыктардын алдын алуу багытында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ага ылайык табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында швейцариялык компаниялардын инновациялык чечимдерин жана технологияларын киргизүү маселелери талкууланды.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ