Жаңылыктар
27.12.2023 17:30
Кароолор: 364
СЫЙМЫКТУУ СЫЙЛЫК ЖАНА ЖЕҢИШТЕРДИ БАГЫНДЫРГАН КУТКАРУУЧУЛАР
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жыл ичинде үзүрлүү эмгектенген кызматкерлери сыйланышты
Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жыл ичинде жигердүү жана жемиштүү эмгектенген кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Алгач башкармалыктын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов жалпы кызматкерлердин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жыл ичиндеги жетишкендиктер, өздүк курамдын артыкчылыктары тууралуу сөз кылып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
Андан соң калктын коопсуздугун сактоого багытталган иш-чараларга активдүү катышып, өзүнүн милдеттерин кынтыксыз аткарып, күжүрмөн даярдыгы боюнча жогорку жетишкендиктерди багындыргандыгы үчүн аскер кызматкерлерине министрликтин Аскердик жарандык кызматташтыкты чындагандыгы үчүн төш белгиси, || даражадагы Мыкты аскердик кызматы үчүн, ||| даражадагы Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү үчүн медалдарын жана Ардак грамоталарын тапшырды.
Ошондой эле кызматкерлер Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ардак грамоталары жана окучууларды, жаш жеткинчектерди өрт коопсуздугунан, табигый кырсыктардын тобокелдигинен алдын алуу максатында тиешелүү иш-чараларды уюштурууну камсыз кылгандыгы жана көрсөткөн жардамы үчүн, Билим берүү жана илим министрлигинин “Ыраазычылык каты” менен сыйланышты.
Сыймыктуу сыйлыктардын катарында ушул жылдын 4-ноябрынан 7-декабрына чейин борбор калаанын мэринин кубогу үчүн өткөн спорттук мелдеште байгелүү орундарды багындырган ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жеңишке жеткен курама командалары диплом, медалдар менен сыйланышты.
Аталган мелдеште башкармалыктын командалары спорттун сууда сүзүү, волейбол, аркан тартыш, футбол, бильярд боюнча 5 кубок, 46 медаль, 46 дипломго ээ болушту.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР