Жаңылыктар

30.09.2024 15:50

   Кароолор: 188

СЫЙЛЫК – СЫЙМЫК ӨКМдин 67 КУТКАРУУЧУСУНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ АЛКЫШ ЖАРЫЯЛАДЫ

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жарыялаган “Алкыш” баракчасы ыйгарылды.

Быйыл өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган селдердин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаргандыгы, эл алдында ак ниет эмгеги үчүн аймактардагы куткаруучуларга сыйлыкты ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов тапшырды.

Ошондой эле ал ӨКМдин облус аймактарында сыйланган куткаруучуларды онлайн куттуктап, табигый кырсыктарды жоюуда алардын салымы жогору экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, “Алкыш” баракчасы ӨКМдин 67 кызматкерине берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу