Жаңылыктар

30.08.2024 16:52

   Кароолор: 408

СЫЙЛЫК – СЫЙМЫК МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮН ТАРЫХЫН ТААНЫП, БАЙРАГЫН БИЙИК ЖЕЛБИРЕТЕЛИ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамынын алдында ӨКМдин мыкты иштеген кызматкерлерине сыйлык тапшыруу салтанаты өттү.

Алгач ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жалпы кыргызстандыктарга жана ӨКМдин өздүк курамына министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин куттуктоосун жеткирди.

“Кыргыз Мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 33 жылы өзүнө кыска тарыхты, ары түйшүктүү, ары ийгиликтүү күндөрдү жана да мамлекетти көтөрүүдөгү үзүрлүү эмгекти камтыды. Өзгчө акыркы 3 жылда биздин министрлик да болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жаратты.

Техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүз артып, эл аралык аренада “Кыргыз куткаруучулары”, - деген татыктуу кадыр-баркка ээ боло алдык.

Куткаруучулар үчүн быйыл башка жылдардан өзгөчөлөнүп, селдин көп катталышы министрликтин анын ичинде куткаруучуларыбыздын эркин сынады. Мындай учурда министрликтин жогорку даярдыгы, куткаруучуларыбыздын күжүрмөндүгү менен тикеңерден тик туруп, элибиздин коопсуздугун, бейпилдигин сактап калууга жетиштиңиздер”, - деди министрдин биринчи орун басары.

Анын айтымында, быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түптөлүүсүнө 100 жыл толот. Бир кылымдык тарыхта Кыргыз журтчулугу бүтүндөй бир доорду башынан кечирип, далай өзгөрүүлөргө туш болду.

100 жылдыгын белгилөө алдында өлкөдө жаңылануу, завод-фабрикаларды кайрадан ачуу, жолдордун, темир жолдун курулушу, жаңы билим берүү мекемелеринин ачылышын, облустардагы аэропорттордун жанданышын ири жетишкендик катары баса белгиледи.

Буга кошумча бир кылым мурун мамлекетти түптөө тарыхына токтолуп, ошол мезгилдеги улуу инсандардын зор салымына жана алардын тагдырына кеңири токтолду. Куткаруучуларды, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоого, тарыхты таанууга чакырды.

Андан соң Азамат Мамбетов өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, калктын коопсуздугун сактоого, багытталган иш-чараларга активдүү катышып, ийгилик жараткан кызматкерлерге ӨКМдин сыйлыктарын министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин атынан ыйгарды. Мындай сыйлоо өлкөнүн бардык аймактарында өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу