Жаңылыктар
02.04.2026 10:11
Кароолор: 1
СУЗАКТЫН СЫНОО КҮНДӨРҮ
Табигый апааттын кесепеттеринен жабыркап, катаал тагдыр башына келген ар бир жарандын жанында болуп, алардын жүгүн жеңилдетип, жол көрсөтчү жолдош – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары болуп келет.
Министрлик өзүнүн 35 жылдык тарыхында элдин коопсуздугун, адам өмүрүн сактоону эң башкы миссиясы катары санап, ыйык милдетин татыктуу аткарууда.
Алардын бир мисалы, 1990-жылдан 2020-жылдарга чейин Сузак районунда сел жүрүп, айылды топон суу каптап, ири жер көчкүлөр катталды, ондогон адамдарды өмүрү кыйылып өтө чоң жоготууларга учураган. Куткаруучулар оор маалда жабыр тарткандардын ар бирине дем-күч берип, кайра жашоого болгон ишенимди жандырды.
Табияттын мына ушундай оош-кыйыш шарттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ролу күн сайын артууда жана мындан ары да адам өмүрү үчүн стратегиялык багыттагы маанилүү озуйпасын уланта берет.
КР КМ ПРЕСС-БОРБОР