Жаңылыктар
21.12.2024 11:30
Кароолор: 215
СУЗАКТА АЯНТЫ 320 ЧАРЧЫ МЕТРДИ ТҮЗГӨН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жайгашкан "Үмүт" социалдык шаарчасында турак үйдөн чыккан өрттүн жалпы аянты болжол менен 320 чарчы метрди түздү.
20-декабрда саат 22:30да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, 21-декабрга караган түнү саат 01:10до толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө №20 ӨК-КБдан саат 22:41де бир бөлүм, саат 22:44тө №59 ӨК-КБдан бир бөлүм, ал эми саат 23:00дө №65 ӨК-КБдан бир бөлүм жалпы 3 бөлүм тартылган. Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор Каныбек Маматкуловдун жетекчилиги астында толук өчүрүү жумуштары аткарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР