Жаңылыктар

25.03.2025 12:12

   Кароолор: 200

СУУСАМЫР–ТАЛАС–ТАРАЗ ЖОЛУ УНААЛАРДЫН БАРДЫК ТҮРҮ ҮЧҮН АЧЫК

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 11:05те алынды.

Айта кетсек, "Өтмөк" ашуусунда кар жаап жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 60-чакырымында ("Алим" оор жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайы) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ саат 23:30дан тартып №36 ЖТИнин сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу