Жаңылыктар
28.10.2024 11:38
Кароолор: 969
СУУСАМЫР-ТАЛАС-ТАРАЗ УНАА ЖОЛУНУН 60-ЧАКЫРЫМЫНДА ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
Бүгүн Өтмөк ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу жана күйүүчү май ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР