Жаңылыктар
14.11.2024 11:37
Кароолор: 313
СУУСАМЫР – ТАЛАС – ТАРАЗ УНАА ЖОЛУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ
Талас районунун «Өтмөк» ашуусундагы Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 36-чакырымындагы («Алим» оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайы) чектөө саат 11:00дөн тартып алынды.
Белгилей кетсек, кечээ, 13-ноябрда «Өтмөк» ашуусунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №36 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР