Жаңылыктар
01.12.2024 11:37
Кароолор: 949
СУУСАМЫР — ТАЛАС — ТАРАЗ УНАА ЖОЛУНДА ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
"Өтмөк" ашуусунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 82-чакырымынан ("Алим" оор жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайы) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 11:20дан тартып №36 ЖТИнин сунушу менен убактылуу чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.