Жаңылыктар

16.10.2024 16:26

   Кароолор: 568

СУУСАМЫР – ТАЛАС – ТАРАЗ УНАА ЖОЛУНДА ЖАРАНДАРГА ЫСЫК ЧАЙ УЮШТУРУЛДУ

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Талас районунун Кара-Ой айылынын чыгыш тарабынан "Алим" оор жүк ташуучу унаалардын токтоочу жайынан тосулуп, унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан айдоочу жана жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулду.

Ал эми Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы жол тыгын жөнгө салынып, "Арал" жана "Сосновка" өткөрмө жайларында жеңил унаалар үчүн жол каттам ачылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу