Жаңылыктар
24.03.2025 23:56
Кароолор: 426
СУУСАМЫР—ТАЛАС—ТАРАЗ УНАА ЖОЛУНА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 23:30дан тартып №36 ЖТИнин сунушу боюнча убактылуу жабылды.
“Өтмөк” ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР