Жаңылыктар
07.06.2024 17:09
Кароолор: 334
СУУГА ТҮШҮҮЧҮ ЖАЙЛАРДА КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРГЕ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн Чүй облусунун аймагында жайгашкан суу объектеринде жарандардын коопсуздугун сактоо, адам өлүмүнө жол бербөө жана кырсыктарга ыкчам чара көрүү максатында Токмок шаарында жана Чүй облусунун райондорунда атайы комиссия түзүлүп, кызматкерлер байкоо жүргүзүшкөн.
Иш-чарага ӨКМ кызматкерлери, милиция, Суу чарба башкармалыгы, билим берүү кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.
Кароо учурунда комиссия тарабынан сууга түшүүчү жайлардын жарамдуулугун аныктоо жана сууга түшүүдө адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында жарандарга түшүндүрүү иш-чаралары жүрдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР