Жаңылыктар

22.05.2026 12:03

   Кароолор: 63

СУУГА ТҮШҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН ТАК САКТАҢЫЗ!

Күн ысып, аба табы көтөрүлгөн сайын жарандар ушундай көлдөргө байма-бай түшө башташат. Бирок эс алуу коопсуздук менен коштолбосо, кырсыкка айланышы толук мүмкүн.

Сууга түшкөндөрдүн саны кескин көбөйгөн сайын, тилекке каршы, сууга чөгүү фактылары да катталат. Андыктан ӨКМ адистери коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Айрыкча балдарды кароосуз калтырбоо маанилүү. Мас абалда сууга түшүү, тереңдигин билбеген жерге секирүү — эң кооптуу аракеттердин бири.

Эс алууңуз жагымдуу маанайда өтүшү үчүн сак болуңуз.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу