Жаңылыктар

05.07.2025 08:24

   Кароолор: 278

СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕН ЭКИ ӨСПҮРҮМДҮН ЖАНСЫЗ ДЕНЕЛЕРИ ТАБЫЛЫП, ИИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ

2025-жылдын 4-июль күнү саат 20:20 чамасында Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Шибе айылындагы Жантайма жайлоосунда жайгашкан көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда эки бала 2009-жылы туулган Б.А. жана анын иниси, 2017-жылы туулган Ө.А. сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 102 кызматы аркылуу түшкөн.

Кырсык тууралуу билдирүү алынышы менен Чоң-Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан РИИБ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте ыкчам издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштерине жалпысынан:

• Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн – 14 куткаруучу,

• Чоң-Алай райондук ИИБден – 20 кызматкер,

• Жергиликтүү тургундардан – 55 адам тартылган.

Бирок кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн 5-июлда таңкы саат 04:00дө издөө-куткаруу иштери улантылып, саат 7:00 чамасында эки баланын тең жансыз денелери табылып, суудан чыгарылып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу