Жаңылыктар

30.10.2023 15:56

   Кароолор: 819

СУУДА СҮЗҮҮ БОЮНЧА 3-ОРУНДУ БАГЫНДЫРЫШТЫ

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн курама команда сууда сүзүү боюнча мелдеште 3-орунду ээледи.

Борбор калаанын мэринин кубогу үчүн өтүп жаткан спорттук мелдеш түзүмдүк башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин арасында өтүүдө.

Ага ылайык, 7-октябрдан 4-ноябрга чейин спорттун футбол, шахмат, стол тенниси, дартс, аркан тартыш, волейбол, бильярд боюнча командалар биринчилик үчүн күч сынашат.

Учурда Бишкек шаары боюнча башкармалыгында аркан тартыш, волейбол, сууда сүзүү боюнча 30 медаль, 3 кубок бар. Алдыда дагы куткаруучулар футбол боюнча финалдык беттеш өткөрөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу