Жаңылыктар

02.08.2024 11:48

   Кароолор: 250

СУУДА СКУТЕР АЙДАСАҢЫЗ САК БОЛУҢУЗ!

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги скутер, кайык, катамаран, үйлөнгөн банан жана моторлуу кайыктар менен сууда жүрүүдө төмөндөгүдөй эрежелерди сактоону эскертет!

Алар:

- моторлуу кайыктарга түшүүдө аны башкарууну жана коопсуздук эрежелерин билүү;

- айдоочу жана жүргүнчү коргонуу чыптама күйүүсү зарыл;

- күйүүчү майы жана башка керектүү жабдууларынын камсыздалышын текшерүү зарыл;

- айланасында сууда жүргөн адамдар болсо жай жана кылдаттык менен өтүү сунушталат;

- көрсөтүлгөн айдоо ылдамдыгынан ашпоого тийиш;

- кайыкка түшүп жаткан адам бел курларын бекемдеп тагынууга жана өзүнүн коопсуз экенине ынанышы керек;

- көлөмү тар сууларда скутерди айдоого болбойт;

- Навигация эрежелерин байкап туруу эскертилет;

- шамал болуп жатканда айдоо өтө кооптуу жана жүргүнчүлөрдү салууга тыюу салынат;

- ичимдик ичкен абалда түшүүгө болбойт;

- алдынан теплоход же башка чоң көлөмдүү кайыктарга жол бошотууга тийиш;

- сууда жүргөн адамдарды же кайыктарды алыстан баам салып, толкундуу сууну чачыратпоого жана сүзүп алуудан сак болуу;

- чылым чегүүгө тыюу салынат.

- Көлдүн кооптуу аймактарына жакын барбоо.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу