Жаңылыктар

10.06.2025 16:44

   Кароолор: 184

СУУЧУЛДАРДЫН СУУ ТҮБҮНДӨГҮ ЭРДИГИ

Көзгө көрүнбөгөн эрдикти жасаган суучулдардын суу астындагы ар кандай таштанды жана торлорду 40 метр тереңдикке чейин кирип, тазалоону жигердүү жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун суучулдары аба ырайынын туруксуздугуна карабай 2023-жылдан тарта көлдү үзгүлтүксүз тазалашты. Эң жакшы жагы көлдүн астында жаткан таштандылар былтыркы жылга салыштырмалуу азайып баратканы жүрөк жылытат. Мындан сырткары суучулдар күз айларында браконьерчиликке каршы күрөшүү жана балык улоочу торлорду тазалоо иштерин күн-түнү жүргүзүшкөн анткени мындай суук түшкөн учурда балыктардын урук чачкан учуруна туш келип, аларга каршы күрөшүү күчөтүлгөн.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылдан тарта көлдү тазалоо иштери башталгандан бери бүгүнкү күнгө чейин суучулдар жалпы Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 41 650 кг ар кандай таштанды жана 340 200 метр тор тазалашты.

ТАШТАНДЫДАН ТАЗАЛАНГАНДАН КИЙИНКИ КӨЛДҮН ТАЗАЛЫГЫ КӨЗ КУБАНТАТ!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу