Жаңылыктар

17.04.2025 10:08

   Кароолор: 715

СУУЧУЛДАР ЫСЫК-КӨЛДҮ ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫН ЖАНДАНДЫРДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Ысык-Көлдү балык уулоочу синтетикалык торлордон жана ар кандай таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүүнү кайрадан жандандырды.

15-апрель күнү өзүнүн кызматтык милдеттерин Түп районундагы Күрмөнтү айылынан башташты. Анда саат 17:00гө карата 18 балык уулоочу тор чыгарылып, алардын жалпы узундугу 1800 метрди түздү.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл акваториясын тазалоо жөнүндө 2023-жылы чыккан № 83 токтомуна ылайык 2026-жылга чейин жыл бою көл суусун ар кандай акыр-чикирлерден тазалап, флора, фаунасын өнүктүрүү милдеттери коюлган.

2024-жылдын декабрь айына чейин мына ушул жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп келип, кыш айларында Суучулдар кызматы адистештирилген формаларын, жабдууларын, шаймандарын жаңылап, ондоп-түзөө максатында убактылуу токтотуп турууну суранышкан. Эми болсо кайрадан тазалоо жумуштарына киришти, жыл аягына чейин үзгүлтүксүз иш алып барууну улантышмакчы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу