Жаңылыктар
12.11.2024 16:05
Кароолор: 200
СУУЧУЛДАР ЫСЫК-КӨЛДӨН 2300 метр ТОР ЧЫГАРЫШТЫ
Ысык-Көл облусунун Тоң, Түп райондорунда браконьерлердин мыйзамсыз балык уулоосу тыйыла элек. Көлгө тор салып, балыкты дүңүнөн кармап сатуу менен алектенген балыкчыларга каршы аракеттерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы жүргүзүүдө.
Суучулдар 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү Тоңдон балык кармоочу 18 тор, Түп районунан 5 тор чыгарышты. Алардын жалпы узундугу 2300 метр. Чыгарылган торлорду бүгүн тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришет.
ӨКМ жарандарды Ысык-Көлгө аяр мамиле кылууга, таза кармоого чакырат! Синтетикалык тор балыктардын денесин кыйып, сууда жашап кетүүсүнө тоскоол болот. Андыктан ар бирибиз Ысык-Көлдүн, тоо көлдөрүнүн экочөйрөсүн сактоого, флора-фаунасын өнүктүрүүгө салым кошолу!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР