Жаңылыктар
01.04.2025 12:28
Кароолор: 404
СУУЧУЛДАР СУУ САКТАГЫЧТА 27 метр ТЕРЕҢДИКТЕ ТЕХНИКАЛЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ
ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы тарабынан Ош облусунун Ноокат районундагы А. Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармасынын кайрылуусунун негизинде 2025-жылдын 20-мартынан тартып 22- мартына чейин суу сактагычтын 27 метр тереңдикте жайгашкан туннелдик суу тутукчөнүн 50 квадрат аянтчасы изилденген.
Жыйынтыгында суу сактагыч плотинанын суу мунарасынын ичинде суу түтүкчөдөн чыкпай калган. Плотина бүгүнкү күндө болжол менен 15 миң чарчы аянт сугат жерлерине суу менен камсыз кылынбай турат. Бүгүнкү күндө суу сактагыч плотинасында 38 млн 400 миң куб суу бар.
Учурда ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы тарабынан суу сактагыч плотинасынын кошумча курулуш суу түтүкчөсүнүнүн кире беришиндеги жана ичиндеги ылайлар кол менен тазаланып, жасалма темир конструкцияны 27 метр тереңдикке түшүрүп, жеринде суучулдар керектүү суу шаймандары менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Суучулдар тарабынан иштер аткарылгандан кийин суу сактагыч плотинасынын кызматкерлери тарабынан бузулган жерлерин оңдоп-түзөө иштери аткарылып, андан соң суучулдар орноткон колго жасалган конструкцияны жана башка бүтөгүчтөрдү суудан чыгарып, кошумча суу түтүккө плотинадагы сууну ачып беришет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР