Жаңылыктар
21.05.2025 15:59
Кароолор: 364
СУУЧУЛДАР КЫЗМАТЫНЫН БИР КҮНҮ КӨЛ АКВАТОРИЯСЫН ТАЗАЛАП, СУУ ТҮБҮНӨН ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫШТЫ
Адаттагыдай бүгүн, 20-майда таң эрте суучулдар көл акваториясын тазалашты. Жээк Ысык-Көл районунун Бостери айылына карайт. Жакынкы күндөрү эс алуучулардын көбү көл жээгине агылат. Аларды тосуп алууга бардык эс алуу жайларында кызуу даярдык жүрүүдө.
Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын суучулдары тазалоо иштерин туристтик сезонго карабастан жыл ичинде тынымсыз аткарышат.
Бул жолу алар көлдүн 17 метр тереңине киришти. Радиусу 50 метрге акваториядан 1 тоннадай курулуш материалдарынан тарта кум толгон бөтөлкөлөр жана башка таштандыларды алып чыгышты.
Айтайын дегеним, айрым жеке кызмат көрсөтүүчү суучулдар жаз айларында бир-эки күн суу түбүн тазалап, өздөрүн жарнамалап келишет.
Ал эми ӨКМдин Суучулдар кызматы мекенчилдик менен тазалоо иштерин бир гана туристтик сезонго карата эмес, жыл бою жүргүзүшөт. Болгону муз тоңгон мезгилде кыска убакытка токтотулат.
Аталган кызмат аба ырайынын оор шарттарына карабай, Ысык-Көлдүн флора жана фаунасы үчүн коркунуч жараткан суу алдындагы таштандыларды, балык уулоочу торлорду тазалоону эки жылдан бери Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык
аткарып келишет.
Өткөн 2024-жылы 435 961,01 гектар көл аянтынан 14 125 кг таштанды, 112 100 метр балык түшүрүүчү тор чыгарылган.
Ал эми быйылкы жылы Ысык- Көл районунун эс алуу жайларынын тушу, Түп районундагы суу куймалары жана Каракол шаарындагы жээктеринен 29 гектарга жакын аянттан 3 жарым тоннадай таштанды, 9 900 метр синтетикалык тор чыгарышкан.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл акваториясын масштабдуу деңгээлде тазалоо иштерин бир гана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы жүргүзүп келет жана мындан ары да уланта беришмекчи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР