Жаңылыктар
19.07.2026 15:01
Кароолор: 152
СУУЧУЛДАР КЫЗМАТЫ СОҢ-КӨЛДҮ ТАЗАЛООГО КИРИШТИ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Соң-Көлдү мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган синтетикалык балык уулоочу торлордон тазалоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. Тапшырманы аткаруу үчүн суучулдар көлдө сутка бою болуп, эки топко бөлүнүп күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Тазалоо иштери суу үстүнөн эмес, көлдүн түбүндө жүргүзүлүп, адистер 9 метрге чейинки тереңдикке түшүп, торлорду алып чыгышууда. 19-июлга карата, төрт күндүн ичинде суучулдар көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 9400 метр болгон синтетикалык балык уулоочу торлорду чыгарышты. Белгилей кетсек, Соң-Көлдү торлордон тазалоо иштери аба ырайынын туруксуздугуна карабастан күчөтүлгөн тартипте уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары жогорку кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти көрсөтүп, жаратылышты коргоо багытындагы маанилүү иштерди үзгүлтүксүз аткарып жатышат.