Жаңылыктар
05.09.2025 12:55
Кароолор: 295
СУУЧУЛДАР КӨЛДҮН 30 МЕТР ТЕРЕҢИНЕН ТОРЛОРДУ ЧЫГАРУУДА
ӨКМдин Суучулдар кызматынын суучулдары 2 топко бөлүнүп, көлдү тазалоо иштерине чыгышты.
1-топтогу суучулдар Ысык-Көлдүн Ананьевосунан Кичи-Өрүктүсүнө чейин бир нече айылдарды камтыган аралыктарда 30 метр тереңдикке көл түбүнө түшүштү.
Ал эми 2-топ Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Тал, Ой-Булак, Кутургу, Фрунзе, Күрмөнтү айылдарынын тушу, жээктен 1000 метр алыс көлдүн 30 метр тереңине түшүп тазалашты.
Анткени буга чейин көлдүн 10 метрден ашуун тереңи балык улоочу торлор чыгарылса, эми 30 метр тереңдеги торлорду чыгарууну улантууда.
Учурда Суучулдарды суу алдына түшүрүү үчүн моторлуу жеңил катерлер колдонууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР