Жаңылыктар

12.10.2025 21:24

   Кароолор: 380

СУУЧУЛДАР КӨЛДӨН 1500 метр ТОР ЧЫГАРЫП, 114 БАЛЫКТЫ СУУГА КОЁ БЕРИШТИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 2025-жылдын 12-октябрга караган түнү көлдөн 1500 метр тор чыгарып, 114 балыкты сууга коё беришкен.

Тоң районундагы көлдөн чыгарылган 1500 метр узундуктагы синтетикалык тордун баары жаңы салынганын төмөндөгү видеодон көрүүгө болот.

Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери Президенттин Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

Учурда ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө көлдү тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, 2025-жылдын 12-октябрына чейин 160 005,3 гектар көл аянтынан 80 900 метр тор чыгарылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу