Жаңылыктар

26.04.2024 13:38

   Кароолор: 173

СУУЧУЛДАР КӨЛ АСТЫНАН 24 600 МЕТР ТОР ЧЫГАРЫШТЫ

Учурда ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин "Мөлтүр" кемеси менен таштандылардан жана мыйзамсыз балык уулоочу торлордон тазалоодо.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылынан Корумду айылына чейин көлдөн 24 600 метр балык уулоочу тор чыгарылып, 2985 кг ар түрдүү таштандылардан тазаланды.

Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет.

Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери Президенттин Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу