Жаңылыктар

09.09.2025 12:42

   Кароолор: 254

СУУЧУЛДАР БРАКОНЬЕРЛЕРДИН МИҢДЕГЕН МЕТР ТОРУН ТАЗАЛАШТЫ

Кечээ, 8-сентябрда ӨКМдин Суучулдар кызматы менен биргеликте Куткаруу кызматынын, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын суучулдары көлдү тазалоо иштерине чыгышты.

Түп районунун Күрмөнтү айылынан Ой-Булак айылына чейин көл акваториясына салынган синтетикалык торлорду тазалашкан. Балык уулоочу тордун узундугу 8600 метрди түзөт.

Ал эми бүгүн 30дан ашуун суучул аталган райондун куймаларына салынган торлорду, таштандыларды тазалоодо. Анткени браконьерлер бул аймакка торлорду тынымсыз салып, балыктардын азайышына шарт түзүп келишет.

Учурда ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен көлдү тазалоо күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу